
2026-жылдын 15–19-апрель күндөрү Ош шаарында жаштар арасында оор атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилиги өттү.
Мелдеште Бишкек шаарын ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары көрсөтүп, жогорку деңгээлдеги даярдыгын далилдешти.
Жалпысынан 15 спортчу катышып, 11 медаль багындырышты: 3 алтын, 2 күмүш жана 6 коло.
Алтын медаль ээлери:
Байгачева Анисия, Женишбек Жамиля, Шокиржанов Фарух
Күмүш медаль ээлери:
Шакирова Анара, Жолдошкулов Айтегин
Коло медаль ээлери:
Молдодосов Арслан, Жакыпбеков Темирлан, Анарбеков Эрслан, Назарбаев Азамат, Шакенов Ильгиз, Мийназаров Муканбет
Спортчулардын ийгилиги шаардык спорт мектептеринде даярдык жогорку деңгээлде жүрүп жатканын дагы бир ирет тастыктады.



