
Өзбекстан Республикасында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин делегациясы Indorama Corporation компаниясынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Делегацияны министрдин биринчи орун басары Марсбек уулу Илич жетектеди. Анын курамында Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директору Кочеров Максат жана адистер катышты.
Иш сапардын жүрүшүндө кыргыз тарапка бир катар заманбап агротехнологиялар тааныштырылды. Алардын катарында аэротехника аркылуу өсүмдүктөрдү иштетүү, биолабораториянын иши, үрөндөрдү дарылоо, пахтаны кайра иштетүү жана натыйжалуу сугаруу ыкмалары бар.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар айыл чарба жана кайра иштетүү тармагында кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап, негизги багыттарды аныкташты.



