
Борбор калаада көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык иш-чаранын алкагында Ички иштер министрлигинин кызматкерлери ишембиликке катышышты.
Иш-чара административдик имараттардын ичинде жана Э.З. Гареев атындагы Ботаникалык бакта өткөрүлдү. Кызматтык кабинеттер тазаланып, имараттардын санитардык абалы жакшыртылды.
Ботаникалык бакта болсо айлана-чөйрөнү тазалоо, жашыл аймактарды иретке келтирүү жана бак-дарактарды кароо иштери жүргүзүлдү.