
Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы Руандадагы Moriox Kids тобунун балдары менен биргеликте “Аттиң ай” ырына тартылган клибин жарыялады. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Ырчынын айтымында, клип анын YouTube каналына жүктөлүп, кыргыз маданиятындагы өзгөчө чыгарма катары сунушталууда.
Учурда Гүлназ Чыныбек кызы Руандада жүрүп, африкалык бийчи балдар менен чыгармачылык жолугушууларды өткөрүүдө.
Эске салсак, Moriox Kids тобу буга чейин да кыргыз ырларына бийлеп, социалдык тармактарда чоң кызыгуу жараткан.