
18-апрелде Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин кызматкерлери Бишкек–Сокулук жолундагы Б. Алыкулов көчөсүнөн Күн-Туу айылына чейинки 5 чакырым аралыкта тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Ишембилик Президенттин “Улуттук тазалык күнү” тууралуу жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өтүп, жол жээгине ыргытылган таштандылар жыйналды.
Министрлик жарандарды жана шаар меймандарын айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга жана тазалыкты сактоого чакырды.