
Кара-Суу районуна караштуу Датка айыл аймагынын Медресе айылында райондук ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют башкармалыгынын жаңы административдик имаратынын курулушу башталып, мезгил кутусу салынды.
Долбоордун жалпы баасы 40 млн сомдон ашык болуп, имараттын аянты 420 чарчы метрди түзөт. Мурдагы имарат авариялык абалга келгендиктен, жаңы имарат куруу чечими кабыл алынган.
Курулуш иштерин “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы ишке ашырып, аткаруучу катары ЖЧК “Арт Хаус” тандалган. Объектти 4 айда бүткөрүп, сентябрь айында пайдаланууга берүү пландалууда.
Жаңы имарат ветеринардык кызматтардын сапатын жогорулатып, райондун агрардык секторун өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.