
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Баткен облусу боюнча видеоконференция форматында жыйын өткөрдү.


Жыйында Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун жетекчилери жазгы талаа иштеринин жүрүшү, айдоо аянттарынын абалы жана дан өсүмдүктөрүнүн себилиши боюнча отчет беришти.
Ошондой эле күйүүчү-майлоочу материалдар жана жер семирткичтер менен камсыздоо, ирригация системаларынын иши, насостук станциялардын абалы, арыктарды тазалоо жана оңдоо маселелери каралды. Ветеринардык иш-чаралар, вакцинация жана жайыттарды пайдалануу боюнча да маалыматтар талкууланды.
Жыйынтыгында министр жазгы талаа иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү, дыйкандарды керектүү ресурстар менен камсыз кылуу жана көзөмөлдү күчөтүү боюнча тапшырма берди.



