
17-апрелде Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаевдин төрагалыгы алдында аралаш күжүрмөн күрөш (ММА) боюнча федерациялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү.




Иш-чарага Улуттук кулатуу күрөшү федерациясы, WEF GLOBAL MMA, GAMMA MMA жана IMMAF Кыргызстан уюмдарынын өкүлдөрү катышып, өз ишмердүүлүгү жана эл аралык кызматташтыгы тууралуу маалымат беришти.
Жыйындын жыйынтыгында Кыргызстанда аралаш күжүрмөн күрөш боюнча бирдиктүү ассоциация түзүү чечими кабыл алынды. Анын максаты — федерациялардын ишин координациялоо, бирдиктүү саясат жүргүзүү жана спорттун бул түрүн өнүктүрүү.
Ассоциациянын президенти болуп Жумгалбек Шабданбеков шайланды. Вице-президенттер жана жооптуу өкүлдөр да бекитилип, курамы аныкталды.
Жаңы түзүлгөн ассоциация өлкөдө ММА тармагын системалаштырууга жана эл аралык деңгээлде атаандаштыкты жогорулатууга багытталат.