
Эл аралык TIME журналы BAKAIдын Башкармалыгынын Төрагасы Тимур Ибрагимов менен маек жарыялады. Материал Кыргызстандын каржы секторундагы өзгөрүүлөргө жана банктын санарип экосистемасынын өнүгүшүнө арналган. Макала журналдын эл аралык версиясында чыгып, дүйнөлүк коомчулуктун өлкөнүн каржы рыногуна жана анын өнүгүшүндөгү BAKAIдын ролуна кызыгуусу өсүп жатканын көрсөтөт.
Маекте BAKAIдын классикалык банк моделинен технологиялык платформага өтүүгө багытталган стратегиясы кеңири баяндалат. Бүгүнкү күндө банк каржылык жана күнүмдүк кызматтарды бириктирген бирдиктүү санарип экосистеманы түзүп жатат. Анын негизги элементи - BAKAI мобилдик колдонмосу. Анын жардамы менен кардарлар каржысын башкарып, кызматтардан 24/7 пайдалана алышат.
Макаланын өзүнчө бөлүгү BAKAI экосистемасына арналган. Бүгүнкү күндө ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
товарлар жана бөлүп төлөө кызматы бар BAKAI Store маркетплейси
саякат кызматы BAKAI Travel
ислам каржылык продуктылары BAKAI Islam
камсыздандыруу кызматтары BAKAI Камсыздандыруу
* ишкерлер үчүн санарип платформа BAKAI Business
«Биз BAKAIды классикалык банктан адамдын күнүмдүк жашоосунда коштоп жүргөн ыңгайлуу кызматка айланткан экосистеманы түзүп жатабыз. Аймакта биринчилерден болуп санариптештирүүнүн мүмкүнчүлүгүн көрдүк - бул кардарлар үчүн гана эмес, банктын ичиндеги процесстерди да тез жана натыйжалуу кылууга шарт түзөт. Биз үчүн жөн гана өсүү эмес, кардарлар жана өлкөнүн экономикасы үчүн узак мөөнөттүү баалуулук түзүү маанилүү. Негизги көрсөткүчтөр биздин туура багытта баратканыбызды жана туруктуу келечек үчүн негиз түзүп жатканыбызды тастыктап турат», - деп белгиледи Тимур Ибрагимов TIME журналына берген маегинде.
Материалда санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Журнал белгилегендей, BAKAI аймакта биринчилерден болуп онлайн кызматтарды жана аралыктан тейлөө каналдарын ишке киргизген. Бул бизнести кеңейтүүгө жана кардарлар үчүн жогорку деңгээлдеги тейлөөнү камсыздоого мүмкүнчүлүк берди.
TIME ошондой эле банктын туруктуулугун жана эл аралык потенциалын баса белгилейт: жогорку ESG көрсөткүчтөрү, эл аралык рейтингдер жана инвесторлор менен өнөктөштөрдүн ишеними. Ибрагимовдун айтымында, каржы институттары Кыргызстандын технологиялык мүмкүнчүлүгүн ачууда маанилүү ролду ойнойт.
Мындан тышкары, макалада BAKAIдын адамдык капиталды өнүктүрүүгө кошкон салымы да өзгөчө белгиленет - банк кызматкерлерди окутууга инвестиция салып, билим берүү демилгелерин өнүктүрүп, университеттер менен кызматташуу аркылуу каржы тармагында жаңы муун адистерин калыптандырууда.
TIME журналындагы бул публикация BAKAIдын аймактагы банк тармагындагы лидерлердин бири жана Борбор Азиядагы санарип өзгөрүүлөрдүн негизги кыймылдаткычтарынын бири катары позициясын бекемдейт.