
УКМКнын төрагасынын мурунку орун басары Тимур Шабданбеков 13-июнга чейин камакка алынды. Бул маалыматты Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, мындай чечим 15-апрелде кабыл алынган.
Шабданбеков Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча шектелип кармалган. Ал 10-февралда кызматтан бошотулган.



