
Эл аралык «Алыш» белбоо күрөшү федерациясынын президенти Чолпон Султанбекова Улуттук алыш федерациясынын вице-президенти болуп дайындалган Анжелика Кайратова тууралуу пикирин социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Анын айтымында, бул дайындоо жаштардын демилгеси менен сунушталып, колдоого алынган.
Султанбекова Анжелика Кайратованы таланттуу жана өз эмгеги менен ийгилик жарата алган айым катары баалап, анын жаңы кызматтагы ишине ишеним билдирди. Ошондой эле алыш спорту учурда жаштар тарабынан активдүү өнүгүп жатканын белгиледи.
Мындан тышкары, ал «Алыш» улуттук күрөшү дүйнөлүк деңгээлге чыкканын айтып, коомчулукту негизсиз сындан алыс болуп, бул багытта иш алып барып жаткан жаштарды колдоого чакырды.



