
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин төрагасынын мурдагы орун басары Бекзат Абдикахаров 13-июнга чейин камакка алынды. Бул маалыматты Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, ага Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча айып тагылууда.
Белгилүү болгондой, Абдикахаров Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын айрым кызматкерлери менен бирге кармалган.



