
Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Туура-Суу айылында Зындан көлүнөн коргоочу 284 метр дамба курулду. Долбоор ӨКМ тарабынан ишке ашырылып, ЮНЕСКОнун GLOFCA программасынын алкагында каржыланды.
Дамба сел коркунучун азайтып, айыл тургундарын жана инфраструктураны коргоого багытталган. Курулуш аяктап, объект жергиликтүү бийликке өткөрүлдү.



