
Президент Садыр Жапаров 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун тургундары жана активи менен жолугушту.
Жолугушууда мамлекет башчы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, ошондой эле айлык маяналарды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.