
Президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун социалдык-экономикалык өнүгүү пландары менен таанышты.
Райондун акими Чыңгыз Бапаев учурдагы абал жана алдыдагы долбоорлор тууралуу маалымат берди.
Жолугушууда аймактын негизги көрсөткүчтөрү жана өнүгүү багыттары каралды.