
10-апрелде Бишкекте өткөн Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Нурзат Нуртаева коло медаль жеңип алды.
Ал 72 кг салмакта күч сынашып, коло байге үчүн таймашта монголиялык атаандашын 2:0 эсебинде утту.
Нуртаева турнирди чейрек финалдан баштап, кореялык балбанды 10:0 эсебинде жеңген. Жарым финалда кытайлык спортчуга утулуп, коло медаль үчүн күрөшкөн.