
Нарын шаарында 5 жылдык «Шаардын туруктуулугун жогорулатуу» программасынын алкагында сел коркунучу жогору 4 коктуга тосмолор куруу пландалууда.
Бул тууралуу мэр Жылдызбек Беккелдиев программанын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Долбоорго ылайык, РТС, Ак-Коргон жана башка аймактардагы кооптуу коктуларда таш тор тосмолор орнотулат.
Мындан тышкары, программанын алкагында М. Жусаев паркы реконструкцияланып, жашылдандыруу жана адистерди окутуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Долбоор эл аралык уюмдардын колдоосу менен ишке ашырылып, шаарды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган.