
Кыргызстандын аймактарында 2026-жылдын жазгы себүү кампаниясына даярдык көрүү алкагында буудай жана арпа үрөнү менен камсыздоо негизинен толук камсыздалып, туруктуу деңгээлде сакталууда.
Республика боюнча жалпы муктаждык 66,6 миң тоннаны түзсө, учурда 64,1 миң тонна үрөн топтолуп, камсыздоо деңгээли 96,2%га жетти. Бул жазгы талаа иштерин өз убагында жүргүзүүгө жетиштүү шарт түзөрүн билдирет.
Аймактар боюнча көрсөткүчтөр:
— Ош облусу – 99,5%;
— Жалал-Абад облусу – 97,5%;
— Баткен облусу – 99,7% (арпа – 100%);
— Чүй облусу – 98,5%;
— Ысык-Көл облусу – 94,1%;
— Нарын облусу – 88,0%.
Нарын облусунда көрсөткүч салыштырмалуу төмөн болгону менен, кошумча үрөн топтоо иштери улантылып, себүү иштерине терс таасир күтүлбөйт.