
Талас облусунда Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев «Манас Ордо» улуттук комплексиндеги реконструкция жана курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Ал курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруп, иштерди ылдамдатууну тапшырды.
Долбоорго ылайык, комплекс кеңейтилип, заманбап маданий борборго айланат. Музейдин аянты чоңоюп, конгресс-холл, маданий жайлар жана эс алуу объекттери курулат.
Реконструкция аяктагандан кийин комплекс күнүнө миңдеген конокторду кабыл ала алган ири туристтик жайга айланып, жаңы жумуш орундарын түзөрү күтүлүүдө.