
2026-жылдын 8–9-апрель күндөрү “Соң-Көл балык чарбасы” мамлекеттик ишканасы тарабынан май-канат (сиг-лудога) балыгынын 1 миллион 800 миң даана чабагы көлдөргө коё берилди.
Иш-чара Балык өнөр жайы комплекси департаменти тарабынан бекитилген 2025–2026-жылдарга карата планга ылайык өткөрүлдү.
Балыктандыруу иштерине ишкананын кызматкерлери жана департаменттин өкүлдөрү катышып, чабактар төмөнкү көлдөргө коё берилди: Соң-Көлгө – 800 миң, Чоң Ара-Көлгө – 500 миң, Кичи Ара-Көлгө – 500 миң даана.
Иш-чара көлдөрдөгү балык запастарын көбөйтүүгө, биологиялык тең салмактуулукту сактоого жана балык чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө багытталды.