
2026-жылдын 4–5-апрелинде Бишкек шаарында укук коргоо органдарынын кызматкерлери арасында дзюдо боюнча чемпионат өттү. Мелдеш Кыргыз Дене тарбия-спорттук «Динамо» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулуп, мамлекеттик ишмер Болотбек Ногойбаевдин жаркын элесине арналды.
Чемпионатка 16 команда катышып, спортчулар беш салмак категориясында күч сынашты. Жыйынтыгында курч атаандаштыкта командалык эсеп боюнча биринчи орунду КР УКМКнын курама командасы ээледи. Экинчи орун Ош ШИИБнин командасына, ал эми үчүнчү орун ИИМдин Күзөт кызматына ыйгарылды.
УКМКнын курамында төрт кызматкер чыгып, алардын үчөө өз салмак категорияларында жеңишке жетишти.
Бул ийгилик УКМК кызматкерлеринин жогорку кесипкөйлүгүн жана мыкты физикалык даярдыгын дагы бир ирет тастыктады.