
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы парламент аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселеси каралды.
Депутат Гуля Кожокулова эки мамлекеттин парламент өкүлдөрүнүн ортосунда туруктуу жолугушуулар жетишсиз экенин белгилеп, мындай байланыштар актуалдуу маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтөрүн айтты.
Өлкөнүн Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев буга чейин визиттерди уюштуруу аракеттери болгонун, алдыда дагы расмий сапар пландалып жатканын маалымдады.