
Бишкек шаардык милициясы уурулук фактысы боюнча шектүү жаран кармалганын билдирди.
видео
Маалыматка караганда, 27-март күнү шаардагы коомдук тамактануучу жайлардын биринде жаран тамактанып отурган адамдын күрмөсүнүн чөнтөгүнөн ири суммадагы акча каражатын жашыруун уурдап кеткен. Зыяндын көлөмү 450 миң сомду түзгөн.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүнүн мурда да бир нече жолу соттолгону жана чөнтөк ууру катары каттоодо турганы аныкталды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.