
АКШдагы Миссури университетинин Канзас-Сити шаарындагы профессору Майкл Хадсон YouTube-каналдагы маегинде Жакынкы Чыгыштагы кырдаал дүйнөнү Улуу депрессиядан кийинки эң олуттуу кризиске туш кылышы мүмкүн экенин билдирди.
Анын айтымында, АКШ өз тышкы саясатын өзгөрткөн учурда да, мунай жеткирүүлөрүнүн үзгүлтүккө учурашы жана Жакынкы Чыгыштан келген гелий запастарынын азайышы дүйнөлүк өндүрүшкө таасир этет. Бул абал компанияларды гелийди пайдаланууну кыскартууга жана жер семирткич өндүрүшүнүн төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн.