
The Atlantic басылмасынын жазышынча, АКШ президенти Дональд Трампнин Жакынкы Чыгыштагы аракеттери Европага сокку уруп, Владимир Путинге пайда алып келди.
Макалада Ирандагы согуш Россияга кошумча киреше берип, Украинанын абалын начарлатканы айтылат. Ошондой эле бул кырдаал Владимир Зеленский күткөн аскердик ресурстардын азайышына алып келүүдө.
Мындан тышкары, Трамптын Россия мунайына санкцияларды жеңилдетүү чечими Европа өлкөлөрүнүн нааразылыгына карабай кабыл алынганы белгиленет.
АКШ менен Израилдин Иранга каршы операциясы бир айдан ашты. Чыр-чатак Ормуз кысыгы аркылуу мунай ташууну дээрлик токтотту.