
Тогуз-Торо, Ак-Талаа, Сузак жана Өзгөн райондорунан тандалып алынган алты айыл аймактын айыл өкмөттөрү, жамааттык топтордун жана муниципалдык иш-каналардын жардамы менен жаратылыш ресурстарын туруктуу башкарууга багытталган чакан долбоордук сунуштамаларды иштеп чыгышкан. Ага ылайык, бүгүн, 27-мартта Бишкекте, чакан долбоорлорду кароо жана баалоо комитетинин кезектеги отуруму болуп өттү.
Тандалып алынган долбоорлорго БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) «Кыргыз Республикасындагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестрациялоо (CS-FOR)» долбоору алкагында гранттык каражаттар каралган.
Гранттык каражаттардын көлөмү айыл аймактарга негизги төрт критерийге карата бөлүнөт: жайыттардын аянты, жайыттарга болгон басым, калктын саны, малдын саны.
Ушул 4 критерийдин негизинде тийешелүү айыл аймактарга 70 000 ден - 200 000 долларга чейин каражаттар каралган.
Бул чакан долбоорлор жайыттардын абалын жакшыртуу, деградацияланган жерлерди калыбына келтирүү, көмүртектин секвестрациясын жогорулатуу, климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту күчөтүү багыттарын камтыйт.
Жалпысынан төрт райондун алты пилоттук айыл аймагынан 33 чакан долбоордук сунуштама келип түшкөн. Комитеттин жыйынында сунуштамалар долбоордун максаттарына жана милдеттерине, тиешелүү критерийлерге жана талаптарга шайкештиги боюнча бааланып, приоритеттер боюнча иреттелип, тиешелүү райондордун мамлекеттик администрацияларына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (ЖӨБО – айыл өкмөттөрү жана айыл кеңештери) жөнөтүлөт.
Баалоо комитети БУУнун ФАО уюмунун, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын, АРИС уюмунун, Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыттар жана тоют кызматынын, Кыргыз илим-изилдөө мал чарба жана жайыт институтунун өкүлдөрүнөн жана Сузак, Өзгөн, Ак-Талаа, Тогуз-Торо райондорунун мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрүнөн куралган.
Айта кете турчу нерсе, Жашыл климаттык фонду тарабынан каржыланган CS-FOR долбоору БУУнун ФАО уюму, Токой кызматы, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен биргеликте Жашыл Климаттык Фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.
Демилге токой жана жайыт экосистемаларынын туруктуулугун жогорулатуу аркылуу климаттын өзгөрүшүнүн негизги себеби болгон парник газдарынын эмиссиясын кыскартууга багытталган.