
Бишкекте 28-мартта айрым көчөлөрдөгү турак үйлөргө жана социалдык объекттерге ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Суу саат 09:00дөн баштап белгисиз мөөнөткө өчүрүлөт. Суунун өчүрүлүшү Сүйүмбаев—Токтогул көчөлөрүндөгү Д-500 мм түтүк линиясындагы авариялык-оңдоо иштерине байланыштуу.
Өчүрүү аймагы: Абдрахманов көчөсү — Фрунзе көчөсү — Сүйүмбаев көчөсү — Чүй кең. — Аламүдүн дарыясы — темир жол линиясы — Сүйүмбаев көчөсү — Москва көчөсү — Шопоков көчөсү — Чүй кең.