
Кыргызстанда кремацияга (сөөктү өрттөп, күлүн жерге берүүгө) 2040-жылга чейин тыюу салуу сунушталууда. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик иштеп чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Азыркы мыйзамда маркумдун керээзи же жакын туугандарынын жазуу жүзүндөгү макулдугу болгондо, ошондой эле өзгөчө кооптуу инфекциялык оорулардын жайылуусун алдын алуу максатында сөөктү кремациялоого уруксат берилген. Бирок өлкөдө бул үчүн керектүү инфраструктура түзүлгөн эмес, крематорийлер жок.
Агенттик белгилегендей, бул үчүн каржылоо, экологиялык жана санитардык талаптарды сактоо, ошондой эле коомдун маданий өзгөчөлүктөрүн эске алуу сыяктуу көп маселелерди чечүү зарыл. Мындан улам кремацияны 2040-жылга чейин токтотуу сунушталды. Ага чейин крематорийлерди курууга жана ишке киргизүүгө тыюу салынат.
Кыргызстанда крематорий куруу маселеси эки жыл мурун көтөрүлгөн. Анын башкы максаты биологиялык калдыктарды өрттөө деп айтылган.