
Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам аймакта жүргөн кыргызстандыктарды чыгып кетүүгө чакырды.
Маалыматта Сауд Арабия менен Дубай эң коопсуз жол экени айтылат.
Мекенге келүү үчүн төмөнкүдөй авиакаттамдар бар:
-Flynas — Жидда — Бишкек/Ош (аптасына 3 жолу)
-Uzbekistan Airways — Жидда — Ташкент
-Air Astana — Жидда/Эр-Рияд — Алматы/Астана
-Turkish Airlines, Pegasus, AJet — Эр-Рияд/Жидда/Даммам — Стамбул
-Azerbaijan Airlines — Эр-Рияд/Жидда — Баку
-Flydubai — Дубай — Бишкек (аптасына 2 жолу)
Jazeera Airways — Дамма жана Эль-Кайсумы шаарларынан рейстер аткарылат
Qatar Airways — аба каттамдары үзгүлтүккө учурап аткарылууда
Кыргызстандыктарга Сауд Арабиясына кириш үчүн виза керек болот.
ТИМ авиакаттамдар ракета жана дрондордун чабуулунан улам үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин эскертип, коопсуздук чараларын сактоого чакырды.