
Россия президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Кремлдин расмий сайтында маалымдалды.
Куттуктоосунда Путин эки өлкөнүн ортосундагы жогорку деңгээлдеги кызматташтыкты белгилеп, алака мындан ары да бекемделерине ишеним билдирди.
Ошондой эле Россия лидери Нооруз майрамына карата Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Түркия, Палестина, Иран, Иордания, Сауд Арабия жана Алжир мамлекеттеринин башчыларын да куттуктады.