
.
Баткен районундагы "Р6" каналы капиталдык оңдоп түзөөдөн өтүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган сугат каналынын жалпы узунду 15,500 чакырымды түзөт. Буга чейинки сыйымдуулугу 3,7 куб болгон сугат каналы оңдоп-түзөөдөн соң 4,8 кубка көбөйөт.
Натыйжада, 2600 гектар жерге суу берүү жакшырат, андан сырткары 300 гектар жерди жаңыдан өздөштүрүү пландалып жатат.
Курулушка республикалык бюджеттин эсебинен 463 млн сом каралган. 2026-жылдын январь айында башталган курулуштун сугат мезгилине чейин 1- этабы, сугат мезгилинен кийин 2-этабы жүрөт.


