
.
Кыргызстандагы алгачкы шамал электр станциясы тармакка алгачкы мегаваттарды бере баштады. Бул тууралуу Жашыл станциялар ассоциациясынын башчысы Кундус Кырбашева социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Бул куру сөздөн реалдуу генерацияга өтүү жана өлкөнүн шамал энергетикасын өнүктүрүүнүн жаңы этабы. Мунун ата мекендик "Мэтрум ТЭК" компаниясы тарабынан ишке ашырылганы өзгөчө маанилүү", - деп жазды ал.
Белгилей кетсек, Балыкчы шаарында биринчи шамал электр станциясынын курулушу жигердүү уланууда. Долбоор жергиликтүү "Метрум ТЭК" компаниясы Балыкчы шаарына жакын жайгашкан "Каракол" эркин экономикалык аймагында ишке ашырууда. Инвестор улуттук энергетиканы өнүктүрүүгө 100 млн доллар өлчөмүндө өз каражатын жумшаган.
Шамал паркы 100 мегаваттка эсептелген жана эки этап менен курулат:
I этап — 21 турбина, жалпысынан 50 мегаватт;
II этап — ар бири 2,5 мегаватт болгон дагы 20 турбина.
Ошондой эле шамал паркы Ысык-Көл облусун гана электр энергиясы менен камсыз кылбастан, CASA-1000 долбоорунун алкагында аны экспортко да чыгарат.
2030-жылга карата дүйнөлүк шамал электр станцияларынын орнотулган кубаттуулугу олуттуу көрсөткүчтөргө жетип, энергияны сактоо системалары менен интеграциялоо технологиялары шамал энергиясын ишенимдүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү кылары күтүлүүдө.