
.
Корея Бишкекте абаны тазалоого 10 млн доллар грант бөлөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде абанын сапатын жакшыртуу долбоору боюнча Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) делегациясы менен жолугушууда айтылды.
Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө 2026-2028-жылдары Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жүзөгө ашырыла турган долбоор талкууланды.
Аталган долбоор Кореянын өкмөтү тарабынан 10 млн долларга чейин кайтарымсыз жардам көрсөтүүнү карайт.
Ошондой эле абага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтууга, абанын сапатын башкаруунун комплекстүү планын иштеп чыгууга, ошондой эле мамлекеттик билим берүү мекемелеринде экологиялык жактан таза жылытуу системаларын киргизүүгө багытталган.