
.
Баткен облусундагы сугат суу насосторунун абалы текшерилүүдө. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Президенттин өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев Баткен районунун Ак-Сай айылындагы насостук бекетинин сугат мезгилине карата даярдыгынан кабар алды.
Ал суу чарба кызматкерлери менен жолугуп, суу берүүчү насостордун абалы боюнча маалымат алып, оңдоп-түзөө иштерин сапаттуу аткаруу, өз убагында суу берүү тапшырмасын койду.
Белгилей кетсек, Ак-Сай насостук бекетинде эки агрегат бар. 1 агрегаттын суу айдоо өндүрүмдүүлүгү 350 литр/секунд. Ал 125 гектар жерди суу менен камсыз кылат.


