
.
“Үйдө жалгыз” тасмасында Кевиндин апасы Кейт Маккалистердин ролун аткарган белгилүү актриса Кэтрин О’Хара 72 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар анын менеджерине шилтеме берип жазышты.
Маалыматка караганда, актриса 30-январда Лос-Анжелестеги өз үйүндө кыска мөөнөттүү оорудан кийин каза болгон.
Кэтрин О’Хара ошондой эле “Шиттс Крик” сериалындагы Мойра Роуздун ролу менен таанылып, бул образы үчүн “Эмми” сыйлыгына ээ болгон.