1 scaled
6 / 100

24-июнь күнү Борбор Азиядагы Америка университетинде
(БААУ) АКШнын өкмөтү тарабынан каржыланган “Мейкерспейс” конструктордук окуу
борборунун салтанаттуу ачылыш аземи өттү. БААУнун студенттери жана коомдун башка
өкүлдөрү инновациялык өнүмдөрдүн (продукттардын) прототиптерин иштеп жана өндүрүп
чыгаруу үчүн бул борбордогу жогорку технологиялык жабдууларды пайдалана алышат.
Мейкерспейс борборунун курулушун АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID)
«Чет өлкөдөгү америкалык мектептер жана ооруканалар» программасы (ASHA), Бард Колледжи
жана Борбордук Азиядагы Америка университети биргеликте каржылашты.
Салтанаттуу иш-чарага бир катар жогорку кызматтагы коноктор, анын ичинде Кыргыз
Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Кыргыз
Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти Канат Абдрахматов катышты.
Мейкерспейс – бул 3D принтерлер, лазердик кескичтер, робототехника комплекттери, тигүүчү
машиналар сыяктуу эң заманбап жабдуулар менен камсыздалган билим берүүчү чыгармачыл
мейкиндик болуп эсептелет. Борбор БААУнун студенттери жана окутуучулары үчүн, жана
ошондой эле Кыргызстандагы бардык окумуштуулар, инженерлер, жаңы ишкерлер жана иштеп
чыгуучулар үчүн ачык болот. Алар Мейкерспейсти билим алуу, идея алмашуу, прототиптерди
түзүү жана инвесторлорду тартуу үчүн пайдалана алышат.
“Мейкерспейс — бул технологиялар бардыгы үчүн жеткиликтүү болгон, ал эми инновациялык
долбоорлор ишке ашкан жер. Кыргызстанда өз дараметин ишке ашырып, коомго пайда алып
келүү үчүн ушундай мейкиндикке муктаж чыгармачыл жана прогрессивдүү адамдар көп”,- деди
Акылбек Жапаров.
USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын директору Кая Адамс жаңы имаратка
жогорку баа берип, мындай деди: “Биз Борбор Азиядагы Америка университети менен
кызматташканыбызга өзгөчө сыймыктанабыз. Бул жаңы борбор БААУнун эл аралык жана көп
түрдүү жамаатын жана мультидисциплинардык окутуу ыкмаларын бекемдейт. Бул борбор
улутуна, этникалык тобуна, жынысына, тажрыйбасына жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү
чектелгенине карабастан инновациялык чечимдерди жаратам деген бардык чыгармачыл
ойчулдарды бириктирет”.

Кошумча маалымат алуу үчүн БААУнун коомчулук менен байланыш боюнча директору Динара
Орозбаевага кайрылсаңыздар болот: +996 312 915 000 (кош. 243), orozbaevad@gmail.com

2 1

Loading

От admin