sddefault e1728466056983
8 / 100

Бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марат Мураталиев Мамкурулуштун жетекчилигине нааразычылыгын билдирди.

Тагыраагы, алгач Мураталиев Таластагы шайлоочулар менен жолугушууда саламаттык сактоо министри менен Көпүрө-Базардагы бейтапканага кирип, курулушу менен таанышканын айтты.

“Өткөн жумада шайлоочулар менен жолугушууга Талас облусуна бардык. Президент менен өкмөттүн кылып жаткан иштерин элге жеткирип жүрөбүз. Биз көпүрөбүз да. Бийликтин бутагыбыз. Көпүрө-Базар деген айылдагы ооруканага саламаттыкты сактоо министри менен киргенбиз. Мага Мамкурулуштун жетекчисинин орун басары чалып “силер эмнеге кирдиңер, минкабдын буйругу менен киргенге болбойт” деди. Ушул маселени карап койсоңор. Көзөмөл кылуу бул биздин укугубуз да”, — деди депутат.

Буга утурлай эле депутат Дастан Жумабеков дагы нааразычылыгын айтты.

“Өкмөт мүчөлөрүн тартипке чакырып койсоңуз. Бул жерде мыйзам бузулуп жатат. Эгер ошентип чалганы чын болсо, ал чоң жаңылышат. Ал мыйзам бузду”,- деп ал депутаттын статусу жөнүндө мыйзам бар экенин эске салды.

Депутат Эрулан Кокулов дагы кошумчалап, бул көйгөй анда эле бар экенин ойлогонун айтты.

“Менин жыйындарыма да бири келбейт. Ошондой буйрук чыгыптыр, жыйынга барбасын деген. Биз эл менен жолуккан жерге келбейт. Мамкурулушта ошондой буйрук чыгыптыр. Бул кандай?”,— деди депутат.

Ал эми Нурланбек Шакиев мындай көрүнүш бийликтин эки бутагынын ортосуна жарака саларын, муну көзөмөлгө алууну айтты.

“Ушундай терс көрүнүштөр орун алып жатканы жашыруун эмес. Баарыбызга маалым. Өкмөт мүчөлөрү силер буга маани берсеңиздер. Айрым бейтартип, тентек мүчөлөрүнүн айынан бүтүндөй Министрлер кабинети менен парламенттин ортосундагы мамилеге жарака кетирип коюуга негиз болуп калып жатат. Өзүңөр жазалабасаңар, биздин укугубуз бар”,— деди спикер Нурланбек Шакиев.

Loading

От admin