MyCollages 29
10 / 100

Баткен жана Кызыл-Кыя шаарында, Баткен облусунун Баткен жана Кадамжай райондорунда «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрүнө карата бир катар тинтүү иштери жүргүзүлдү.
Анда 1983-жылы туулган И.З.А. аттуу экстремисттик топтун лидери жана «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын 9 мүчөсү кармалды.
Кадамжай райондук сотунун чечими менен И.З.А. жана анын жакын өнөктөшү И.И.К. күнөөлүү деп табылып, өкүм чыгарылды. Ал эми «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын калган мүчөлөрүнө карата кылмыш иштери өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, Баткен облусу боюнча «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрүнүн активдүүлүгүн азайтуу максатында (Баткен ш., Кызыл-Кыя ш., Баткен жана Кадамжай райондорунда) аталган кыймылдын 12 мүчөсүнө КР УКМК тарабынан расмий эскертүүлөр берилип, жыйынтыгында алар «Йакын Инкар» ДЭКтин радикалдык-экстремисттик идеологиясынын зыяндуулугун толук түшүнүшүп, мындан ары бул тыюу салынган уюмга мүчө болуудан ыктыярдуу түрдө баш тартышты.

Loading

От admin