IMG 20241009 151725 791
12 / 100

Улуттук университетте «Россия» медиаборбору ачылды.

Борбор билим берүү жана университеттер аралык талкуу аянтчасы болмокчу. Анда студенттер алдыңкы коммуникация технологиялары менен таанышып, журналисттик көндүмгө ээ болуп, Россия тууралуу көбүрөөк маалымат ала алышат. Медиаборбор Журналистика жана коммуникация институтунун базасында ачылган.

Ачылыш аземине КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев, Россиянын Свердлов облусунун билим берүү министринин орун басары Ирина Серкова, Россия элчилигинин кеңешчиси Сергей Храмов, КУУнун Журналистика институтунун директору Ширин Костюк жана Свердлов облусунун депутаттары катышты.

Loading

От admin