screenshot 15
8 / 100

Мобилизациядан улам Кыргызстанга качкан блогер Орусияга кайткан соң социалдык тармактагы баракчасына «Эмне үчүн Кыргызстандан Орусияга келдим?» деген аталыштагы видео жарыялады.

«Биринчиден, бул маданияттын жоктугу. Мага башында өзүмдүн атактуулугум жагып баштаган, бирок жарым жылдан кийин көчөдөн тааныбаган адамдар колуман кармап, отурган столубузга отуруп ала башташты. Бул мага жана үй-бүлөмө ыңгайсыз болду. Агрессивдүү адамдар да көп болду. Кыйкырып, колу менен бир нерселерди көрсөтүп башташты. Кышында түтүн. Элдер таштандыны ар кайсы жерге ыргыта берет. Эски унаалар да көп. Экологияга такыр көңүл бурушпайт. Мен айтып баштаганда, мени коркута башташты», — деген ал.

Анын жогорудагы пикири соцтармакта талкуу жаратты. Айрымдары ал туура эле айтып жатат дешсе, айрымдары «бул жерде жашап жатканда, башкача сүйлөп жатпадың беле?» дешүүдө.

ТикТокто жана Инстаграмда «sailord77» деген аккаунттун ээси болгон блогер октябрь айында Орусиядагы мобилизациядан улам Кыргызстанга качып келген.

Loading

От admin