мбизнес кырг
14 / 100

ААК «Коммерциялык банк Кыргызстан» | MBANK, MBusiness жана MKassa менен биргеликте 2024-жылдын 7-октябрынан 22-декабрына чейин созула турган ишкерлер үчүн укмуштуудай акциясын баштайт. MBusiness жана MKassa’нын QR коду аркылуу накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алыңыз жана баалуу байгелерди утуп алуу үчүн жарышка катышыңыз!

Кантип акциянын катышуучусу болууга болот?

Катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • 2024-жылдын 7-октябрынан 22-декабрына чейин MBusiness жана MKassa төлөм инструменттеринин QR коду аркылуу накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алыңыз.
  • Транзакциянын минималдуу суммасы 100 сом болуусу керек

Ар бир ийгиликтүү транзакциядан кийин, ишкер автоматтык түрдө акциянын катышуучуларынын катарына кошулат жана укмуштуудай сыйлыктардын бирин утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот!

Акциянын байге фонду

MBusiness жана MKassa чынында эле таң калтырууда : башкы байгелер 3 Toyota Camry IX муун (XV80) Седан 2.5 8AT FWD (204 л.с.)престиж. Бул QR код аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу операцияларын жүргүзүү менен жаңы муундагы автоунааны утуп алуунун уникалдуу мүмкүнчүлүгү!

Мындан тышкары, сиздерди күтөт:

MBusiness’тин 2500 комплект фирмалык мерчтери  (рюкзак, термос, китепче, калем, папка).

• 150 даана AirPods Pro 2.

• 100 даана iPhone 16 (256 ГБ).

• 25 даана MacBook Air M2 (256 ГБ).

Акцияга кантип катышууга болот?

Ар бир QR код аркылуу төлөм транзакциясы сиз үчүн жеңиштүү төлөм болуп калышы мүмкүн! Байгелер катышуучулар арасында өлкө боюнча бөлүштүрүлөт, ошондой эле болгону бир транзакция сизге баалуу байге алып келиши мүмкүн.

Катышуу оңой – MBusiness жана MKassa’нын QR коду аркылуу төлөмдөрдү кабыл алыңыз жана ар бир ийгиликтүү транзакция сизди жеңишке жакындатат!

Байгелер төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

• Акциянын бардык катышуучуларынын ар бир 5000-транзакциясы бренддик мерчтердин топтомун байгеге алып келет

• Акциянын бардык катышуучуларынын ар бир 50 000-транзакциясы – AirPods Pro 2

• Акциянын бардык катышуучуларынын ар бир 100 000-транзакциясы iPhone 16

• Акциянын бардык катышуучуларынын ар бир 300 000-транзакциясы MacBook Air M2 алып келет

Баш байгени кантип утуп алса болот

Сериялык номерлери 10 000гө бөлүнүүчү транзакцияларды жасаган катышуучулар баш байгеге – Toyota Camry 80 автоунаасына ээ болушат. Бул катышуучулардын арасынан жеңүүчүлөр ар бир акциянын мезгили үчүн QR коду аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуунун эң көп жүгүртүүсү боюнча аныкталат.

«Биз ишкерлерди колдоого жана аларга ишкерликти өнүктүрүү үчүн заманбап куралдарды берүүгө аракет кылабыз. MBusiness жана MKassa менен биргеликте уюштурулган кампания накталай эмес төлөмдөрдү колдонууну стимулдаштырууга жана аларды бизнес процесстерге киргизүүгө көмөктөшүүгө багытталган. Toyota Camry унаалары жана заманбап гаджеттери сыяктуу олуттуу байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгү ишкерлер үчүн кошумча дем берип, өлкөдөгү ишкерликти санариптештирүү деңгээлин жогорулатат деп ишенебиз», — деди Корпоративдик ишкерликти өнүктүрүү боюнча директор Александр Чернощекин.

MBusiness жана MKassa бизнес жүргүзүү үчүн ишенимдүү жана заманбап куралдар болуп саналат. QR код колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алыңыз жана төлөмдөрдүн ыңгайлуулугуна ээ болуңуз, ошондой эле мыкты сыйлыктардын ээси болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуңуз.

Унаа жана башка мыкты гаджеттерди утуп алуу эч качан мынчалык оңой болгон эмес!

MBANK – Биринчи санарип!

Акция тууралуу кененирээк маалымат шилтемеде

https://mbank.kg/prize

Loading

От admin