WhatsApp Image 2024 06 25 at 11.20.50
6 / 100

21-июнда Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкери, милициянын улук лейтенанты Ринат Токоев шаардык пляждын кезектеги жайкы туристтик мезгилге карата ачылышында, көлгө чөгүп жаткан 14 жаштагы өспүрүмдүн өмүрүн сактап калуу менен жогорку кесипкөйлүктү жана кайраттуулукту көрсөттү.
Окуя Пристань-Пржевальск шаарчанын аймагында жайгашкан Каракол шаардык пляжына жакын жерде орун алган. Саат 13:00 чамасында көлгө түшүп жаткан бала күтүүсүздөн чөгө баштаган. Кызмат өтөп жаткан милициянын улук лейтенанты Ринат Токоев окуяны ыкчам баалап, дароо өспүрүмдү куткарууга киришкен.
Өз өмүрүн тобокелге салып, Ринат Токоев сууга тез аранын ичинде кире калып, чөгүп жаткан өспүрүмгө сүзүп жеткен. Милициянын улук лейтенантынын ыкчам аракети жана кесипкөйлүгү менен бала жээкке ийгиликтүү чыгарылып, ага биринчи жардам көрсөтүлдү.
Кийин өспүрүм туугандарына өткөрүлүп берилген. Учурда анын абалы туруктуу деп бааланууда жана өмүрүнө коркунуч жок.
«Бул биздин кызматкерлердин өз кесибине берилгендигинин жана кесипкөйлүгүнүн мисалы. Биз, жарандардын өмүрүн жана коопсуздугун коргоого ар дайым даяр болгон Ринат Токоев сыяктуу кесиптештерибиз менен сыймыктанабыз», — деп белгилешти башкармалыктан.
Улук лейтенант Ринат Токоев ички иштер органдарында 12 жылдан ашык иштеп, 2019-жылдан бери туристтик-экологиялык милицияда кызмат өтөп келет. Анын көрсөткөн эрктүүлүгү, туристтик аймактарда үзгүлтүксүз кезмет иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн жана милиция кызматкерлеринин ар кандай өзгөчө кырдаалдарга ыкчам жооп кайтарууга даярдыгын дагы бир жолу баса белгилейт.
Ысык-Көл облусунун милициясы бардык эс алуучуларды көлдө коопсуздук эрежелерин сактоого жана жакындарына өзгөчө көӊүл буруп, этият болууга чакырат.

Loading

От admin