2024 06 24 17 39 55 196724
9 / 100

№216 жана №100 автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси жарым-жартылай өзгөрдү.

Мындай чара шаардын коомдук транспорт тармагынын ишин жакшыртуу жана калаа тургундарынын көп сандаган кайрылууларынын негизинде ишке ашууда.  

Ага ылайык, № 216 автобус каттамынын кыймыл чиймеси Учкун кичи району, Учкун-9, 117/1 дарегине чейин узартылды.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган кичи районду №220 кичи автобус каттамы тейлеп келген.

Мындан тышкары, жол оңдоо жумуштарына байланыштуу №100 автобус каттамынын кыймыл чиймеси И. Ахунбаев көчөсүнөн тартып Ж.Пудовкин көчөсү менен А. Масалиев, Ч. Айтматов көчөлөрү боюнча И. Ахунбаев көчөсүнө чейин узартылды.

Loading

От admin