1000246143
12 / 100

2024-жылдын 10-октябрында башкы имараттагы чоӊ жыйындар залында “Азыркы заман жана мамлекеттүүлүктүн классикалык теориялары жана идеологиялары” деген эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү .

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата социалдык-гуманитардык илимдер институту тарабынан уюштурулган иш чаранын модераторлук милдетин аталган институттун директору Мырзабек Камчыбек уулу аркалады.

Жыйындын катышуучуларына айткан куттуктоо сөзүндө КУУнун ректору Додурбек Чонтоев “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын аткаруу максатында Улуттук университетте иш чаралар байма-бай өткөрүлүп жаткандыгын, алардын бири бүгүнкү конференция экенин белгилеп, “Ар бир мамлекеттин тарыхында анын башатында турган, мамлекеттин түптөлүшүнө олуттуу салым кошкон адамдар болгон. Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков жана Ишеналы Арабаев сыяктуу инсандар кыргыз элинин келечеги үчүн ак кызмат кылуу менен, мамлекетибиздин түптөлүшүнө салым кошуп, кыргыз улутунун гүлдөп, өнүгүшү жана келечек муун үчун өздөрүнүн өмүрүн арнашкан. Өткөрүлүп жаткан илимий конференциянын катышуучулары конструктивдүү, жакшы пикирлерди айтып, мамлекетибиздин андан ары өнүгүшүнө салым кошот деген ойдомун. Баарыңыздарга ийгилик каалайм”, – деди.

Билим берүү жана илим министрлигинин атынан аталган ведомствонун жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Төөлөсбай Абылкасымов сүйлөдү.

Куттуктоолордон кийин эл аралык конференциянын пленардык отуруму башталып, төмөндөгү баяндамалар окулду.

Азыркы заман жана мамлекеттүүлүктүн классикалык теориялары жана идеологиялары” деген эл аралык илимий-практикалык конференциянын соңунда резолюция кабыл алынды.

Loading

От admin