WhatsApp Image 2024 06 24 at 13.49.26
8 / 100

Бекитилген графиктин негизинде, 21-июндан 23-июнга чейинки аралыкта Ысык-Көл райондук милициясынын балдар иштери боюнча инспекциясынын тескөчүлөрү «Өспүрүм-эмгек» рейдин өткөрүштү. Иш-чара жаш өспүрүмдөрдүн мыйзамсыз эмгектенген фактыларын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган.
Рейд учурунда милиция кызматкерлери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тийиштүү кызматтарынын өкүлдөрү менен биргеликте жаш өспүрүмдөр эмгектениши мүмкүн болгон 30-жакын пансионаттарда, эс алуу үйлөрүндө, соода жана коомдук тамактануу түйүндөрүндө болушту. Текшерүү учурунда, өзгөчө көңүл эмгек шарттарына жана балдардын укуктарын коргоо боюнча мыйзамдардын сакталышына бурулду. Текшеричүүлөр эмгек келишимдеринин бар экендигин, эмгек шарттарынын санитардык ченемдерге шайкештигин жана иштин айрым түрлөрүн аткарууга жаш курактык чектөөлөрдү текшеришти.
Рейддин натыйжасында балдар эмгегин колдонууга байланыштуу 8 мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бардык аныкталган фактылар боюнча субъекттердин ээлери менен алдын-ала иштери жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык балдар эмгегин кыйшаюусуз сактоо боюнча зарыл чаралар көрүлгөн.
Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн балдар иштери боюнча инспекциясы бардык жарандарды балдардын мыйзамсыз эмгектенгендиги тууралуу фактыларды билдирүүгө чакырат, ошондой эле жумуш берүүчүлөргө мыйзамдарды сактоону жана жаш өспүрүмдөрдүн укугун бузгандык үчүн мыйзам менен жоопкерчилик каралгандыгын эскертет.

Loading

От admin