1 1 1
12 / 100

ИИМдин Тергөө кызматы Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине карата,
  Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык
колледжинин студенттери үчүн «Ачык эшиктер күнү» өткөрдү.

Иш-чарага ИИМдин Тергөө кызматынын жетекчилиги, Колледждин директорунун
орун басары Руслан Мамбеталиев, ошондой эле жогоруда аталган окуу жайдын
1-2-курсунун 22 студенти катышты.

Келген студенттер республиканын ички иштер башкармалыгынын тергөө
кызматтарынын ишмердүүлүгү менен таанышып, аларга республиканын тергөө
бөлүмдөрүнүн тарыхы жана ишмердүүлүгү тууралуу кыскача видеоролик
тартууланды.

Видеону көрүүнүн соңунда ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы, милициянын
полковниги Алтаир Исмаилов студенттерди жалпысынан ички иштер
органдарында кызмат өтөө өзгөчөлүктөрү жана жеке кызматтардын иши менен
тааныштырды. Ал юрист- кесибинин жоопкерчилигин жана маанилүүлүгүн баса
белгилеп, милиция кызматкери кызматка чыкканда ар дайым баарына даяр
болуп, Ата Мекендин чыныгы коргоочусу кандай болушу керектигин күн сайын
өзүнүн жүрүм-туруму менен көрсөтүүгө тийиш экендигин эскертти.

Студенттер тергөөчүнүн ишинин өзгөчөлүктөрүнө, анын аткарган иштерине,
ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына кызматка кабыл
алуу тартибине дагы кызыгышты.

Сүйлөшүүнүн аягында Кызматтын башчысы Алтаир Исмаилов студенттерге жылуу
сөздөрүн айтып, конок болуп келгендери үчүн ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын соңунда студенттерге Тергөө кызматынын кызматкерлеринин иш
орундары жана кеңселерине экскурсия уюштурулду. Ошондой эле, Сагын
Наматбаев атындагы ИИМдин Музейине экскурсия уюштурулуп, анда ички иштер
органдарынын тарыхы жана ишмердүүлүгүнүн негизги милдеттери менен
тааныштырылды.

Loading

От admin