
.
2023-жылдан тартып Кыргызстандын укук коргоо органдарынын демилгеси менен эл аралык издөөдө жүргөн 184 жаран чет мамлекеттердин аймагында кармалган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүүлөр Таиланд, Түркия, АКШ, Италия, Испания, Россия, Казакстан жана башка өлкөлөрдө колго түшүрүлгөн.
Алардын ичинен 132 адам чет өлкөлүк укук коргоо органдары менен кызматташуунун негизинде экстрадициялоо жана депортациялоо аркылуу Кыргызстанга кайтарылган.
Ошол эле учурда Кыргызстандын аймагында башка мамлекеттер тарабынан эл аралык издөө жарыяланган 96 чет өлкөлүк жаран кармалган. Алардын 42си издөө жарыялаган өлкөлөргө өткөрүлүп берилген.
ИИМдин маалыматына караганда, издөө иштеринде уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн, ошондой эле оор жана өзгөчө оор кылмыштарга шектелген адамдарды аныктоого жана кармоого өзгөчө көңүл бурулууда.