
Кыргызстан боюнча 18-ноябрда 2 миң 492 шайлоо тилкесинде тесттик режимде добуш берүү өткөрүлөт.
Кыргызстан боюнча 18-ноябрда 2 миң 492 шайлоо тилкесинде тесттик режимде добуш берүү өткөрүлөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.
Анын айтымында, иш-чаранын негизги максаты шайлоо тилкелеринин добуш берүүгө даярдыгын текшерүү жана шайлоочуларга добуш берүү процессин иш жүзүндө сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү болуп саналат.
БШК төрагасы жарандарды 18-ноябрда өздөрүнүн шайлоо тилкелерине келип, тесттик добуш берүүгө катышып көрүүгө чакырды.
Белгилей кетсек, 2027-жылы 27-январда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт.