
.
Ош шаарында эки студентти сабоого шектелип үч өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.Милициянын маалыматына ылайык, 28-октябрда социалдык тармактарда белгисиз адамдардын бир жаранды сабап жаткан видеосу тараган. Анын негизинде окуянын чоо-жайын тактоо жана катышуучуларын аныктоо боюнча текшерүү башталган.Натыйжада Ош технологиялык университетине караштуу колледждин биринчи курсунда окуган үч студент кармалган. Алардын экөө 2010-жылы, бири 2011-жылы туулган.Алдын ала маалымат боюнча, окуя 27-октябрда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин спорт аянтчасына жакын жерде болгон. Шектүүлөр аталган университеттин биринчи курсунда окуган эки студентти сабаган деп шектелүүдө.Учурда жабырлануучулардын жаракаттарынын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, күбөлөр суралууда.Милиция бул өспүрүмдөрдөн жабыркаган башка жарандар болсо, Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнө кайрылууга чакырды.