
.
Бишкек шаарында синтетикалык баңгизаттарды таратууга шектелген эки жаран кармалды. Алардан жалпы 7,3 килограмм баңгизат табылган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кармалгандардын бири — 2000-жылы туулган чет өлкөлүк жаран С.Б., экинчиси — ошол эле жылы төрөлгөн Кыргызстандын жараны М.А.
Атайын жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө алардан 6 килограмм 300 грамм синтетикалык мефедрон жана 1 килограмм «чарс» баңгизаты алынган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, бул заттарды мыйзамсыз саткан учурда 46 миллион сом киреше түшмөк.
ИИМдин маалыматына караганда, чет өлкөлүк жаран С.Б. буга чейин Грузия, Армения жана Россияда баңгизат таратуу менен алектенгени аныкталган. Ал эми анын шериги М.А. Индонезиянын Бали аралында баңгизат сатууга тиешеси бар деп шектелүүдө.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.
Учурда ишке тиешеси бар башка адамдарды жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү каналдарын аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда.